"Хор Турецкого" менен "Сопрано" келип, Бишкекте жеңиш ырлары жаңырат

Элчилик концертте өмүр, тынчтык, достук, эрдик тууралуу ырлар аткарыларын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. 1-майда борбор калаада "Жеңиш ырлары" деп аталган концерт өтүп, ага "Хор Турецкого" менен "Сопрано" топтору катышат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлады.
"Жеңиш ырларына" "Хор Турецкого" менен "Сопрано" топтору келет. Бардыгы жакшы көргөн "Катюша" жана "Смуглянкадан" тарта легендарлуу "Бухенвальд набатына" чейин аткарылып, өмүр, тынчтык, достук, эрдик тууралуу ырлар жаңырат", — деп айтылган маалыматта.
Концерт саат 19:30да "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанында болот.
Быйыл дүйнөнүн көп бөлүгүндө Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки жеңиштин 77 жылдыгы белгиленет.
"Өлбөс полк" жүрүшү. Бишкекте 9-майда митинг-реквием өтөт