Аскердин сөөгү Канттагы авиабазага алып келинип, андан ары тик учак менен Ош облусунун Өзгөн районуна жеткирилген.
Маркумдун тажиясы 23-апрелде Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дыйкан айылында өттү. Сөөгүн жерге берүүгө Россиянын жана Кыргызстандын аскер кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жакындары катышты.