Кыргызстандагы мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүү башталышы мүмкүн

Мамлекеттик ишканаларга кирешени көбөйтүү боюнча план түзүү тапшырмасы берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы мамлекеттик ишканалар менчиктештирилиши мүмкүн.
Өкмөттүн маалымат кызматы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусундагы мамлекеттик ишканаларды кыдырып, текшерип чыкканын кабарлады.
1 / 3

Кыргызстандагы мамлекеттик ишканалар менчиктештирилиши мүмкүн

2 / 3

Өкмөттүн маалымат кызматы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусундагы мамлекеттик ишканаларды кыдырып, текшерип чыкканын кабарлады

3 / 3

Ал Константин Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин окуу-тажрыйба жүргүзүү чарбасына, Константин Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетине караштуу кант кызылчасы боюнча Кыргыз тажрыйба-селекциялык станциясына, "Кара-Балта спирт" заводуна, "Дан" мамлекеттик ишканасына барган.

Ал Константин Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин окуу-тажрыйба жүргүзүү чарбасына, Константин Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетине караштуу кант кызылчасы боюнча Кыргыз тажрыйба-селекциялык станциясына, "Кара-Балта спирт" заводуна, "Дан" мамлекеттик ишканасына барган.
"Өзгөчө көңүл чыгашалуу ишканаларды менчиктештирүү мүмкүнчүлүгү менен иштөө форматын кайра карап чыгууга бурулат. Мамлекетке олуттуу киреше алып келбеген ишканаларда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору ишке киргизилет. Бардык мамлекеттик ишканаларга KPI системасын киргизүүнү эске алуу менен өнүгүү планын, кирешени көбөйтүү жана ишти өркүндөтүү боюнча бизнес-пландарды даярдоо тапшырылды", — деген Төрөбаев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кант кызылчасы боюнча Кыргыз тажрыйба-селекциялык станциясынын базасында фермерлерди окутуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү сунуштаган. Андан сырткары, Константин Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин окуу-тажрыйба чарбасына мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүгүү варианттарын карап чыгууну да айткан.
Пресс-борбор
Баткенде 30 ири инвестициялык долбоор ишке ашканы турат. Тармактар