БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Орозо айт 2-май, дүйшөмбү күнгө белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
"Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде 2-май, дүйшөмбү күнгө Орозо айт белгиленди", — деп айтылат билдирүүдө.
Анткен менен жогорудагы көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө ары же бери жылышы мүмкүн экени кошумчаланды.