Кирүү акысыз! Беш күн өтчү Салттуу музыка жумалыгынын программасы

Жумалыктын алкагында өнөрдүн түрү боюнча концерт, мастер-класс тартууланып, илимий иш-чаралар да өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 20-25-апрель күндөрү өтө турган Салттуу музыка жумалыгы менен IX эл аралык музыка, бий конгрессинин программасын жарыялады.
Иш-чараны министрлик менен "Кыргыздын салттуу музыкасы" фонду уюштурууда.

20-апрель

Саат 10:00дөн 18:00гө чейин салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жөө жүрүшү болот.
Уркуя Салиева атындагы эс алуу жайында "Улут наркы" көргөзмө-жарманкеси өтөт.
Ушул эле жерде саат 10:30дан 11:00гө чейин аспапчы усталардын мастер-классы жана конкурсу уюштурулат.
Саат 11:30дан 17:30га чейин Улуттук тарых музейинде IX эл аралык музыка жана бий конгресси тартууланат.

21-апрель — "Дастан" күнү

Саат 10:00дөн 17:30га чейин Улуттук тарых музейинде IX эл аралык музыка жана бий конгрессинин экинчи күнү болот.
Саат 11:00дөн 12:00гө чейин Улуттук тарых музейинде "Ата-бабадан мурас — акындык өнөр" мастер-классы өтөт. Аны КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор, төкмө акын Замирбек Үсөнбаев жана анын шакирттери тартуулайт.
Саат 13:00дөн 17:30га чейин Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында "Психосоматикалык медицина жана психология. Психосоматикадагы искусство синкретизми" эл аралык илимий-практикалык конференция болот.
Саат 18:00дөн 20:00гө чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салттуу музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча Кыргыз мамлекеттик "Манас" театрынын концерти өтөт.
Радио
Баратов: Кыргызстанда джаз музыка маданияты калыптана баштады

22-апрель — "Күү күнү"

Саат 09:30дан 17:30га чейин Улуттук тарых музейинде IX эл аралык музыка жана бий конгрессинин үчүнчү күнү болот.
Саат 11:00дөн 12:00гө чейин Улуттук тарых музейинде "Комуз чертүүдөгү кол ойнотуулар жана шилтемдер" деп аталган мастер-класс өтөт. Аны КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана комузчу Саадабай Шабданов тартуулайт.
Саат 18:30дан 20:00гө чейин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кайрат Иманалиевдин "Коркут ата" драмасы болот.

23-апрель — "Ыр күнү"

Саат 12:00дөн 13:00гө чейин Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Россия Федерациясынан келген (Тува, Алтай, Хакасия) салттуу музыкалык искусствосун алып жүргөн өнөр ээлеринин мастер-класстары тартууланат.
Саат 13:00дөн 15:00гө чейин Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Салттуу музыкалык искусствонун окуу жайларда окутулушу" (жогорку жана орто билим берүүчү кесиптик окуу жайлардын катышуусунда) аттуу тегерек стол өтөт.
Саат 18:00дөн 20:00гө чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын кичи залында музыкалык окуу жайлар отчёттук концерт берет.

24-апрель

Саат 14:00дөн 17:00гө чейин жумалыктын алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген катышуучуларына Улуттук тарых музей менен Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине экскурсия уюштурулат.

25-апрель — "Салттуу музыка күнү" жумалыгынын жабылышы

Саат 18:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз улуттук филармонияда салттуу музыка искусствосун алып жүрүүчү ишмерлердин гала-концерти өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Россия Федерациясы (Тува, Алтай, Хакасия өлкөлөрү) жана башка өлкөлөрдөн келген өнөр ээлери катышат.
Бардык иш-чарага кирүү акысыз.
Темирлан Сманбеков Ысык-Көл облустук драма театрын жетектемей болду