Кайрадан кар жаайбы? Бир аптанын аба ырайы

Синоптиктердин божомолуна караганда, аптанын башында күн ачык болуп, ортосунан тарта жер-жерлерге жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-22-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Чүй облусу

17-18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. 19-23-апрелде кээ бир райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 23-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Талас облусу

17-18-апрель күндүз жана 19-апрель түнкүсүн күн ачык болот. 20-апрелден тарта 23-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймагындагы облустарда аба ырайы бердей. 17-18-апрелде жаан жаабайт. 20-апрелдин түнүнөн тарта аптанын соңуна чейин күндүз кээ бир райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

19-апрелден тарта 23-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 20-апрелде күндүз жана 21-апрелде кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.

Нарын облусу

17-18-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. 19-23-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар түшөт.
Апрель айына карата аба ырайы