БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандык эки жаш аткаруучу — Тимур Кожобеков жана Миран Жанарбаев Москвада "Өлбөс полктун" эл аралык сахнасында ырдайт. Бул туурасында "Россотрудничество" агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн (Бишкектеги Орус үйү) билдиришти.
Кыргызстандык аткаруучу Тимур Кожобеков
© Фото / представительство Россотрудничества в КР
"Өлбөс полктун" эл аралык сахнасы 9-майда Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын белгилөө үчүн ачылат. Иш-чара Москва калаасындагы Максим Горький атындагы Маданият жана эс алуу паркында өтмөкчү.
"Концерттик программага катышуу үчүн 50дөн ашык өлкөдөн чыгармачыл жамааттар жана аткаруучулары чакырылган, алардын арасында Кыргызстандан да бар. Бишкектеги Орус үйү жана иш-чараны уюштуруучулардын өз ара кызматташуусунан улам республиканын атынан жаш, бирок белгилүү болуп калган аткаруучулар — Тимур Кожобеков жана Миран Жанарбаев бармакчы. Алар "Россотрудничествонун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган бир нече конкурстун жеңүүчүлөрү", — деп айтылган маалыматта.
Мындай идея менен 2019-жылы "Россиядагы өлбөс полктун" тең төрагасы, СССРдин эл артисти Василий Лановой чыгып, сунуштаган. Ал дүйнөнүн чар тарабынан чыгармачыл жамааттарды Россияга, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө үчүн келүүгө чакырган. Бирок коронавирус пандемиясы бул масштабдуу иш-чараны өткөрүүгө жолтоо болгон.