Кыргызстанда студенттерге акысыз көрсөтүлчү медициналык кызматтар. Тизме

21 жашка чейинки студенттер камсыздандырылган жарандардын катарына кирет. Эгер алар Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда каттоодо турган болсо жеңилдетилген медициналык кызмат алууга укугу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду студенттерге медициналык кызматтарды пайдаланууда кандай жеңилдиктер каралганын эске салды.
"21 жашка чейинки студенттер камсыздандырылган жарандардын катарына кирет. Эгер алар Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда каттоодо турган болсо жеңилдетилген медициналык кызмат алууга укугу бар. Баса, студенттер үчүн амбулатордук деңгээлде медициналык кызматтардын акысыз пакети жана стационарга жатканда жеңилдиктер топтому да каралган", — деп айтылат билдирүүдө.
Акысыз амбулатордук медициналык кызматтар:
профилактикалык кабыл алуу, консультация, дарылоого жолдомо берүү;
кандын, зааранын жалпы анализи, кандагы кантты, холестеринди, гемоглобинди (кант диабети менен ооругандар жылына бир жолу) аныктоо;
айрым гинекологиялык анализдер, какырыкты анализдөө жана электрокардиограмма (эгер көрсөтүлгөн болсо);
кымбат баалуу текшерүүлөрдөн (ангиография, компьютердик томография сыяктуу) башка лабораториялык изилдөөлөр;
тамчылаткычтарды кошпогондо шашылыш медициналык жардам көрсөтүү, дары-дармектерди жазып берүү, инъекциялар (дарылоо бөлмөсүндө дарыгердин көрсөтмөсү боюнча).
Стационарда төмөнкү медициналык кызматтар көрсөтүлөт:
бейтаптын өмүрүнө коркунуч болгон учурда медициналык тез жардам акысыз көрсөтүлөт. Анын ичинде дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылынат;
республикалык деңгээлдеги ооруканаларга жаткыруу учурунда дарылоо үчүн студенттер 1 160 сом (терапевттик профилде) жана 1 510 сом (хирургиялык профилде) кошумча төлөшөт. Шаардык, аймактык ооруканаларда, ошондой эле жалпы медициналык практика борборлорунда дарылоо курсу 840 сом (терапевттик профилде) жана 1 090 сом (хирургиялык профилде).
Мындан тышкары, бронхиалдык астма диагнозу бар студенттер Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында дары-дармектерди 90 пайызга чейин арзан ала алышат. Ал эми Кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча дары-дармектерге 50 пайызга чейин арзандатуу каралган. Дары-дармектердин тизмесин сайтынан тапса болот.
35 жаштан өйдө курактагылардын аптечкасында эмне болушу зарыл