Бишкекте "Дүйнөнү өзгөрткөн аял" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Иш-чаранын башкы максаты — аялдардын статусун көтөрүү жана алардын коомго кошкон салымына коомчулуктун көңүлүн бурдуруу.
Sputnik
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. "Дүйнөнү өзгөрткөн аял" аттуу жалпы улуттук сынактын жыйынтыгы жарыяланды. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.
1 / 5

"Дүйнөнү өзгөрткөн аял" аттуу жалпы улуттук сынактын жыйынтыгы жарыяланды

2 / 5

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү

3 / 5

Иш-чаранын башкы максаты — аялдардын статусун көтөрүү жана алардын коомго кошкон салымына коомчулуктун көңүлүн бурдуруу

4 / 5

Сынакты Бишкектеги Росскызматташтыктын (Русский дом) маалыматтык колдоосу менен "Мекендештердин союзу" уюштуруп жатат

5 / 5

Март айынын башында жарыяланган конкурс дүйнөдөгү биринчи аял-космонавт Валентина Терешкованын урматына арналган

Иш-чаранын башкы максаты — аялдардын статусун көтөрүү жана алардын коомго кошкон салымына коомчулуктун көңүлүн бурдуруу. Сынакты Бишкектеги Росскызматташтыктын маалыматтык колдоосу менен "Мекендештердин союзу" уюштуруп жатат. Март айынын башында жарыяланган конкурс дүйнөдөгү биринчи аял-космонавт Валентина Терешкованын урматына арналган.
Сынактын катышуучуларына дүйнөдөгү биринчи актриса-космонавт жана балдар менен жаштарга колдоо көрсөткөн "Галчонок" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Юлия Пересильд кайрылды. Ал кыргызстандык аялдарды Космонавттардын күнү менен куттуктап, бул күн ал үчүн маанилүү болуп калганын белгилеген.
Ал эми Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин гуманитардык маселелер жана мекендештер менен байланыш боюнча эксперти Ксения Скачкова сынактын катышуучуларына активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

"Быйыл эки эсе көп катышуучу сыйланып жатканын билем. Сиздер Кыргызстан менен Россиянын достугуна салым кошкон, эл сыймыктанган айымсыздар", — деди ал.

Сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:
Людмила Жебина атындагы "Дене тарбия жана спорт" номинациясы — Оглоблина Анна Сергеевна.
"Шаардык чарба" номинациясы — Сарыбаева Анна Владимировна.
Токтогон Алтыбасарова атындагы "Баатыр эне" номинациясы — Дегенбаева Гүлнара Орозбаевна.
Мария Панфилова атындагы "Социалдык жумуш" номинациясы — Шевченко Юлианна Михайловна.
Евдокия Розова атындагы "Илим жана жогорку мектеп" номинациясы — Донбаева Гүлайым Чыныбековна.
"Супер чоң эне" номинациясы — Трелевская Лидия Петровна.
Наталья Голикова атындагы "Медицина" номинациясы — Жихарева Владлена Викторовна.
Евдокия Пасько атындагы "Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдары" номинациясы — Андреева Лада Витальевна.
Ольга Мануйлова атындагы "Маданият" номинациясы — Масиевская Татьяна Витальевна.
Мындан тышкары, Росскызматташтыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн "Сен космоссуң" аттуу атайын сыйлыгын Анна Сарыбаева жеңип алды. Ал эми Милана Сайдаева ыраазычылык кат алды.
Ошондой эле уюштуруучулар атайын номинациялар боюнча төмөнкү айымдарга сыйлык тапшырууну чечкен:
"Кыргызстандын келечеги" — Коростелева Даниэлла Романовна.
"Неберелерине үлгү" — Молдалиева Роза Болжуровна.
"Эрки күч айым" — Лилиенталь Юлия Викторовна.
"Камкор айым" — Жоробаева Анара Асанкановна.
"Руханий агартуу" — Куликова Ильвена Фаизовна.
"Берекелүү билим" — Бообекова Айнур Тотоевна.
"Күчтүү жана акылман" — Самбурская Людмила Федоровна.
"Боорукер" — Шаповалова Мадина Михайловна.
"Ак жүрөк" — Солтонбекова Ализа Карыпбековна.
"Эргүү" — Семенова Наталья Николаева.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер ыйгарылып, республиканын белгилүү артисттери концерт коюшту.
Мындан тышкары, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн "Сен космоссуң" аттуу атайын сыйлыыгн Анна Сарыбаева жеңип алды
Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунун (Русский дом) Бишкектеги жетекчисинин орун басары Альберт Зульхарнеев сынактын катышуучулары өз үйүнүн гана эмес, бүт өлкөнүн камын ойлоп турарын белгилеген.
Русский домдун Бишкектеги жетекчисинин орун басары Альберт Зульхарнеев
Кыргызстандык таланттуу өспүрүм Кремлдин сахнасында ырдайт