Энергиянын альтернативдүү булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн 5-10 пайызга чейин жеткирсек жакшы жылыш болот. Анткени климаттын өзгөрүүсү суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселесин курчутту. Бул тууралуу Кундус Кырбашева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электр энергиясын импорттоо өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна кедергисин тийгизиши мүмкүн.
"Акыркы жылдары Кыргызстан электр энергиясынын көлөмүн көтөргөн станцияларды кура алган жок. Калктын саны өсүп, рыноктук шартка байланыштуу өндүрүштө жылыштар болуп жатат. Электр энергиясына суроо-талап жогорулап, муктаждык күчөдү. Мындан 10 жыл мурда өндүрүлгөн электр энергиянын көлөмү кандай болсо, бүгүнкү күндө да ошол көрсөткүчтөн ашкан жокпуз. Ошол эле учурда климаттын өзгөрүүсү суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу маселесин да курчутту. Бизде электр энергиялык диверсификация сакталган болсо, мындай көйгөйлөр жаралбайт эле. Мисалы, Кыргызстан энергетикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн энергиянын альтернативдүү булактарына да көңүл буруп, андан өндүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүн 5-10 пайызга чейин жеткирсек болот. Учурда өндүрүлгөн электр энергиясынын 90 пайызын ГЭСтерден алабыз", — деди Кырбашева.
Ошондой эле адис күн, шамал, геотермалдык энергияны алууда экология маселеси биринчи орунда каралышы керектигин кошумчалады.