Кадамжайда магистралдык канал куруу үчүн тоо тектери жардырылды. Сүрөт

Каналдын курулушу 4200 гектар жерди сугат суусу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Ирригациялык объектинин узундугу 27,8 чакырымды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай шаарындагы Алгакадам участкасында магистралдык каналдын курулушунун башталышы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
1 / 6

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай шаарындагы Алгакадам участкасында магистралдык каналдын курулушунун башталышы менен таанышты.

2 / 6

Маалыматка караганда, каналдын жолун өткөрүү үчүн тоо тектери жардырылган.

3 / 6

Каналдын курулушу 4200 гектар жерди сугат суусу менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

4 / 6

Ирригациялык объектинин узундугу 27,8 чакырымды түзөт.

5 / 6

Ал эми долбоордун болжолдуу наркы 634,2 миллион сом.

6 / 6

Жапаров белгилегендей, өткөн жылдан тарта жалпы республика боюнча ирригациялык тутумду жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө, бул максатка 1 миллиард сом бөлүнгөн.

Маалыматка караганда, каналдын жолун өткөрүү үчүн тоо тектери жардырылган.
Каналдын курулушу 4200 гектар жерди сугат суусу менен камсыздоого мүмкүндүк берет. Ирригациялык объектинин узундугу 27,8 чакырымды түзөт. Ал эми долбоордун болжолдуу наркы 634,2 миллион сом.
Жапаров белгилегендей, өткөн жылдан тарта жалпы республика боюнча ирригациялык тутумду жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө, бул максатка 1 миллиард сом бөлүнгөн.

"Сиздер чоң жана уникалдуу долбоорду баштап, жарандык демилгеңиздерди көрсөтүп, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуп жатасыздар. Албетте, министрлер кабинети мындай долбоорлорду колдоого даяр. Биз республика боюнча 30 чакан ГЭС курууну пландап жатабыз. Суу ресурстарын жана күн энергиясын натыйжалуу пайдаланып, ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын киргизебиз. Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштайбыз", — деди Жапаров.

Долбоорду ишке ашыруу жарымы "Алгакадам" коомдук бирикменин, жарымы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Иш сапарынын алкагында Акылбек Жапаров Кадамжай районунун Пүлгөн айылындагы магистралдык каналды да көрүп чыкты.
Узундугу 2450 метр келген магистралдык канал 400 гектардан ашык жерди жана малина өстүргөн дыйкандарды суу менен камсыз кылат.
Оштун Данги участогунда кичи ГЭС курулат. Акылбек Жапаров долбоорун көрдү