Путин: Россия Европага газды рубль менен сата баштайт

Sputnik
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Президент Владимир Путин Россия кыска убакыт аралыгында Европага жеткирилген газды рубль менен эсептешүүгө өткөрөрүн билдирди. Бул тууралуу "Sputnik Жакынкы чет өлкө" Telegram каналы жазды.
Маалыматка караганда, "Газпром" буга чейин түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлгөн көлөм жана баа боюнча газды экспорттой берет.
Президент Борбордук банк жана өкмөткө Европа менен рубль аркылуу соодалашууга өтүү тапшырмасын коюп, буга бир жума убакыт берген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Пресс-борбор
ЕАЭБ өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен жүргүзүүгө камынып жатат