Келе жаткан апта дагы жаанчыл болобу? Бир жумага аба ырайы

Анткен менен абанын температурасы өтө муздап, төмөндөбөй турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу боюнча маалымат берди.
Ага ылайык, келе жаткан жума дагы жаанчыл болушу ыктымал. Кээ бир жерлерге кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Бишкекте 22-25-мартта гана жаан жаабайт. Апта ортолоп калганда кар жаашы божомолдонду.

Чүй, Талас облустары

Чүй облусунда 25-мартта гана жаан-чачын күтүлбөйт. Башка күндөрү аба ырайы жаанчыл болуп, тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлүүдө. Таласта 21-24-25-мартта жаан жаабайт. Калган күндөрү күндүн көзү бузулуп, тоолуу жерлерге кар жаашы мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүк аймактарында деле апта ичи жаанчыл болуп, кээ бир жерге кар жаашы ыктымал. 25-мартта башка күндөрү жаан, кар жаай турганы божомолдонду.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Эки облуста тең жума ичи күндүн көзү ачылбай, жаан, кар жаай турганы айтылды. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Катасыз жазуу боюнча тест. Үтүрүнө да үңүлөбүз
Өзгөчө дизайндагы кийимдер. Бишкектеги Мода жумалыгынан 15 сүрөт