УКМК: Сириядагы согушка барууга азгырган чет элдиктер кармалды

Кыргызстандын аймагын транзит катары пайдаланып, Сириядагы согушка барууну көздөгөн чет элдик жарандар кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Сирияга кетүү максатында республиканын аймагында жалдоо иштерин жүргүзүп жүргөн чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Кыргызстандын аймагын транзит катары пайдаланып, Сириядагы согуштук аймакка кетүү максатында жалдоо иштерин жүргүзүп жаткан Н.Ш.М. аттуу 27 жаштагы жана Р.Т.С. аттуу 24 жаштагы чет өлкөлүктөр кармалды.
"Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын диний-экстремисттик жана террордук топторду аныктоо ишинин алкагында өлкөдө эл аралык террордук уюмдардын радикалдык идеяларын жайылтууга катышкан чет өлкөлүк жарандардын тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду", — деп жазылат билдирүүдө.
Учурда УКМК эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Сирияга баруу үчүн КР паспортун алмак. Жалал-Абадда чет элдиктер кармалган видео