БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Милиция Бишкекте изделип жаткан жети жаштагы Диана Боронбаеваны тапты. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 17-мартта РИИБге Б.Н. аттуу аял кызын издөөгө жардамдашууну суранып кайрылган. Анын айтымында, жети жаштагы кызы 17-мартта болжол менен саат 16:30да Сүйүмбаев көчөсүнөн кошумча сабактан чыгып, Тунгуч кичи районун көздөй кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
"Арыз түшөрү менен Свердлов РИИБдин кызматкерлери кызды издөө иштерин баштап, аны таап, ата-энесине өткөрүп берген. Бөбөктүн жакындары укук коргоо кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Милиция кыздын качан жана кайдан табылганы тууралуу маалымат берген эмес. РИИБ жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса 102 номерине чалууну эскертти.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.