БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россиянын экономиканы өнүктүрүү министри Максим Решетников Евразия экономикалык бирикмесине (ЕАЭБ) кирген мамлекеттер улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүүнү макулдашканын кабарлады.
Анын ЕЭК кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча билдирүүсү уюмдун YouTube каналына жарыяланды.
"Талкууланган өтө маанилүү маселе (Евразиялык экономикалык комиссиянын отурумунда) — рубль менен өз ара эсептешүү. Башкача айтканда, ар бир мамлекет чогултуп, анан Бирикменин келишими боюнча бөлүштүрүлүп, кайра өздөрүнүн бюджетине түшкөн бажы алымдары жөнүндө кеп болууда. Буга чейин мунун баары чет мамлекеттин валютасы менен жасалчу. Бүгүндөн баштап акырындык менен улуттук валюта менен соодалашууну макулдаштык", — деди Россиянын министри.
Ал Россия үчүн бажы алымынын негизги эсебинин рубль менен алынышы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеген.
"Муну менен биз бирдиктүү рубль мейкиндигин түзүүгө кириштик", —деген Решетников.
Келечекте мындай чечим экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдүн төлөмдөрдү рубль менен соодалашууга, ошондой эле ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн башка валюталары менен эсеп жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Буга чейин мамлекеттер чогулткан бажы алымдары кайрадан доллар менен эсептелчү.