Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: АКШ бүт дүйнө алардын оозун карап турса дейт

Россиянын тышкы иштер министри RT каналына маек курган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. АКШ күчтүүнүн ыры ырдалып, чоору чоордолгон америкалык салун сыяктуу бир полярдуу дүйнө түзүүгө умтулуп жатат. Бул тууралуу РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.
Министр RT каналына маек курган.
"Менимче, азыр болуп жаткан окуяларга берилген баа Америка бир жактуу дүйнөгө умтулуп жатканын тастыктап турат. Бул америкалык кыштак, балким, америкалык салун болушу мүмкүн. Ал жакта баары күчтүүсүнүн ырын ырдап, чоорун чоордойт эмеспи", — деди Лавров.
Министрдин айтымында, америкалыктар өз кызыкчылыгынын негизинде болгон күчтү айланасына топтоп жатат. "Бүтүндөй Батыш дүйнөсүн мобилизациялоодо, мындан НАТО менен ЕБдин мүчөлөрү канчалык "көз карандысыз" экенин көрүп жатабыз", — деген ТИМ жетекчиси.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Украина өзүн ээлеп алгысы келген НАТОго кирбейт. Талдоо