Бишкекте курулуш компаниянын башкы директору кармалды

Кылмыштуу топ Бишкек шаарындагы бир катар кыймылсыз мүлкү бар жарандарды аныктап, аларга айтпай жасалма келишимдерди түзгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. УКМК "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери, жеке нотариустардын жана Бишкек шаарындагы курулуш компаниялардын биринин башкы директору катышкан туруктуу кылмыштуу топтун бетин ачты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет билдирди.
Маалыматка караганда, бул кылмыштуу топ Бишкек шаарындагы бир катар кыймылсыз мүлкү бар жарандарды аныктап, аларга айтпай жасалма келишимдерди түзүп, кыймылсыз мүлктүн ээлерин алмаштырган.

"Кийин кылмыштуу аракеттерин жаап-жашыруу үчүн Бишкек шаарындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине пара берүү жолу менен кыймылсыз мүлктүн электрондук базасына жалган маалыматтарды киргизгени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында курулуш компаниянын биринин башкы директору А.М. кармалды. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы тапта жогорудагы кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин ушул ишке окшогон фактыларын аныктоо иштери улантылууда.
УКМК Бишкектин Токтоналиев көчөсүндөгү мейманканадан майнинг-ферма тапты. Сүрөт
Вице-мэрдин иши. Финансы министрлигинин бөлүм башчысы менен аткаминер кармалды