Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда автобус каттамы ачылары күтүлүүдө

Коңшу өлкөлөр менен транспорт каттамы 2020-жылдын март айында коронавирустук чектөөлөрдөн улам жабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жакынкы күндөрү Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда автобус каттамдарын ачуу күтүлүүдө.
Коңшу өлкөнүн Транспорт министрлиги Казакстан аркылуу каттаган автобустардын ишин жандантуу үчүн кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын расмий сайтына жазды. Ал эми Казакстан менен жүргүнчү ташуу каттамы 16-марттан тарта иштей баштайт.
Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастады. Анын айтымында, жакында эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын деңгээлинде жолугушуу болот, ошондо дагы бул маселе каралат.
Ошондой эле Тиллаев Казакстан темир жол жана транспорт каттамына уруксат бергенин белгилеп, Россия тарап макулдук берсе эле ал жакка да каттамдар жанданарын кошумчалады.
Ал эми "Бишкек автобекети" мамлекеттик ишканасынын директору Темирбек Анаркулов каттамдардын ачылышына даярдык көрүп жатканын билдирди.
"Бүгүн эл аралык каттамдарга жүргүнчү ташуучу компанияларды чакырып сүйлөшүп, жакында жумуш башталарын маалымдадык. Алардын баары даяр турушат. Пандемиядан бери жабык турган кассаларды ачып, компьютерлерди, бүт баарын даярдап атабыз. Биздин министрлик жана Автотранспорт агенттиги тарабынан чечим чыкса эле ишти баштайбыз. Биз каттамдарды жандантуу маселесин 2021-жылдан бери өкмөттүк деңгээлге чейин көтөрүп келебиз. Авиабилеттер кымбат, автобус менен жүрүү алда канча арзан болот эмеспи. Мисалы, Россияга 7000 сомдун тегерегинде", — деди автобекеттин директору.
Белгилей кетсек, коңшу өлкөлөр менен транспорт каттамы 2020-жылдын март айында коронавирустук чектөөлөрдөн улам жабылган.
Казакстан Россияга баруу үчүн темир жол, транспорт каттамына макулдук берди