"Империя пиццыдагы" уулануу боюнча кылмыш иши токтотулдубу? Милициянын жообу

Бул окуядан кийин ууланган 318 адамдын ичинен 80и милицияга арыз жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы "Империя пиццы" кафесиндеги массалык уулануу боюнча кылмыш иши токтотулду деген маалыматты четке какты.
Буга чейин айрым ЖМКлар аталган факт боюнча иштин токтотулганы туурасында жазган болчу.
ШИИБ аталган кафеден ууланганы тууралуу 80 адам арыз жазганын эскертип, факт Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренесинин 2-бөлүгү ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") менен катталганын билдирди. Мындан сырткары, ушул сыяктуу беш кылмыш иши тергелип жатканы белгиленди.
"2022-жылдын 31-мартында кылмыш ишинин алкагында толук жана объективдүү иликтөө жүргүзүү максатында комиссиялык комплекстүү түрдө соттук-медициналык жана тамак-аш экспертизасы дайындалган. Өндүрүш Руспубликалык соттук-медициналык экспертиза борборунун эксперттерине тапшырылган. Анын жыйынтыгы чыга элек. Ошого жараша тергөө кызматы акыркы процессуалдык чечимин кабыл алат. Азыркы тапта кылмыш иши токтоп турат", — деп айтылат маалыматта.
Андыктан кылмыш иши толугу менен токтотулду же кыскартылды деп айтуу туура эмес экени белгиленди.
Эске салсак, былтыр октябрь айында Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинде уулангандардын саны 318ге жеткен. Кийинчерээк жапырт уулангандар эскирип калган балыктан жасалган тамакты жегени аныкталган.
Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлгөн.
Санэпидкөзөмөл борбору өлкөдөгү тамак-аш сатуучу жайларды текшере баштайт