БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 1-мартка караган түнү тоолуу райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +10...+15, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +4...+9 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы Ош шаарында +12...+14, борбор калаада +11...+13 градус жылуу болот.
1-марттан 3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.