Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ТИМ Украинадагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо маселесин чечти. Шарты

Мекендештер Будапешт — Стамбул — Бишкек багыты боюнча учак менен келе алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Украинада калган Кыргызстандын жарандарын Венгрия аркылуу эвакуациялоо маселеси чечилди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, мекендештер Будапешт — Стамбул — Бишкек багыты боюнча учкан учак менен келе алышат.
Украинадан чыгып кетүү үчүн төмөнкүдөй шарттар коюлган:
Кыргыз жарандарынын Украина аймагында мыйзамдуу жүргөнүн тастыктаган документтеринин болушу;
Венгриядан транзит катары өтө турганын далилдеш үчүн алдын ала сатып алган авиабилети болушу керек;
Жарандар чогулуп өз каражатына транспорт жалдап “Чоп” көзөмөл-өткөрмө пунктуна келишет. Чек арадан өткөндөн кийин Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин кызматкерлери аэропортко чейин коштоп барат;
Эвакуациялоо тизмесине кирүүнү каалаган жарандар КРдин Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго +380997573413, +380442370347 номерлери аркылуу кайрылса болот.
ТИМ Украинада туруксуз жана кооптуу кырдаал жаралып жаткандыгына байланыштуу кыргызстандыктарды эгер жашай турган коопсуз жайы болсо, абал турукташканга чейин эч жакка чыкпай турууга чакырды.
Министрлик буга чейин Украинада Кыргызстандын 1 357 жараны бар экенин, соңку жагдайдан улам мекенине кайтууга жардам сурап 300 адам кайрылганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Коопсуздук кеңешинде билдирүү жасап, Украинага шарттарын айтты