БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун айтты.
Апта аягында аймактардын басымдуу бөлүгүндө күн жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте абанын температурасы 17 градуска чейин көтөрүлүшү ыктымал.
Чүй, Талас облусу
Эки аймакта тең дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүйдө 17 градуска чейин жылуу болсо, Таласта 13...15 градусту көрсөтөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Түштүк аймактарда аптанын акыркы эки күнүндө жаан, кар жаабай турганы айтылды. Күн ачык болуп, абанын температурасы 17...18 градуска жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Нарын, Ысык-Көл облустары
26-февралда жана 27-февралда түнкүсүн Ысык-Көлдүн тоолуу райондоруна кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарга жаан, кар жаабайт. Абанын температурасы 4...9 градуска чейин жылышы мүмкүн.
Ал эми Нарында дем алышта жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 3...5 градус жылый турганы божомолдонду.