БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Украинанын чыгышындагы кырдаал боюнча Facebook баракчасына билдирүү жазды.
"Украинанын чыгышындагы кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатам. Анын ичинде Донбасстын айланасындагы абал боюнча тынымсыз кабар алуудамын. Кыргызстан кырдаалды жөнгө салууда БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан колдоого алынган жалгыз документ — Минск макулдашуусунун сакталышын колдойт. Тилекке каршы, анын аткарылбай калышы азыркы жөнөкөй эмес кырдаалга кептеди. Бул абал дипломатиялык жол жана адам өлүмүнө жеткирбеген сүйлөшүү менен чечилиши керек деп эсептейм. Себеби адам өмүрү баарынан баалуу. Кырдаалды жөнгө салууда чыр-чатакты мындан ары өрчүтүп жибербөө үчүн акылга салууга чакырам. Балким, бул Донбасстын аймагындагы жай тургундарды коргоо үчүн аргасыз чара болгондур. Бул же тигил мамлекетти таануу ар бир өлкөнүн суверендүү укугу", — деп жазган Жапаров.
Донбасстагы абал акыркы күндөрү курчуп кетти. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Аталган республикалардын башчылары Россиянын Ростов облусуна жарандарды убактылуу эвакуациялоо иштери башталган. ДЭР башчысы Денис Пушилин Украина президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донбасска басып кирүү боюнча буйрук берерин айткан. Ишемби күнү эки республиканын лидерлери жалпы жарандарды мобилизациялоо туурасында жарлыкка, ошондой эле достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу боюнча келишимге кол койгон. Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.