БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата аба ырайы божомолун жарыялады.
Чүй, Талас облустары
Чүйдө майрам күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күн 14 градуска чейин жылыйт. Талас облусунда дагы жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 13 градуска жетет.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары
Ош облусунда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми Баткен менен Жалал-Абадда жаан-чачын жаабайт. Күн 16 градуска чейин жылуу болот.
Нарын, Ысык-Көл облустары
Эки облуста жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Нарында күндүн табы 1...3, Ысык-Көлдө 3...8 градуска көтөрүлөт.
Борбор калаа Бишкекте күн ачык болуп, 14 градуска чейин жылуу болот.