Казакстан Кыргызстандан текшербестен бир шарт менен жүк өткөрөт

QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактура чек арадан текшерүүсүз өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстанга, дегеле ЕАЭБге мүчө-өлкөлөргө экспорттоо үчүн ташылчу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактураны алышы керек. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактура автотранспорт каражаттарына Казакстандын мамлекеттик киреше комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларын өткөрбөстөн, маршрут боюнча жүрүүгө мүмкүндүк берет. Бирок ал жок болгон учурда багыттоо пунктунда тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлөт.
"Мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Иш-чарага кыргыз тараптан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, тараптар ЕАЭБ алкагында өз ара соода жүгүртүүдөгү эреже бузууларды азайтууга багытталган кызматташууну күчөтүүнү макулдашкан.
Казакстан эмнеге кыргыз товарларын өткөрбөй жатат? Жапаров себептерин атады
Салык кызматы 10 миң субъектинин туум жана санкцияларын кечти