Кыргызстандыктар эми Германияга кире алат. Бийлик тыюуну жокко чыгарды

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу 2020-жылдын жаз айларында өлкөгө чет элдик жарандардын кирүүсүнө тыюу салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандын жарандары мындан ары Германияга кире алат. Өлкө бийлиги буга чейин салынган тыюуну алып салды. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штаб Германиянын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берип жазды.
"Дары-дармек каражаттары боюнча Европа агенттиги (EMA) жактырган коронавируска каршы вакцинанын толук компонентин алган жарандар 2022-жылдын 13-февралынан тарта Германияга кире алышат", — деп айтылат маалыматта.
Виза алуу үчүн Германиянын Бишкектеги элчилигине кайрылууга болот.
Германиянын бийлиги коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу 2020-жылдын жаз айларында өлкөгө чет элдик жарандардын кирүүсүнө тыюу салган.
Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды
COVID-19га байланыштуу Кыргызстанга кирүү тартиби өзгөрөт