БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 15-февралда аба ырайы өзгөрүп, кар жаап, күн сууктайт. Бул туурасында Кыргызгидромет агенттигинин алдыдагы аптага берген божомолунда жазылат.
Борбор калаа Бишкекте дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Андан ары ишембиге чейин күч ачык бойдон турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй облусу
14-16-февраль күндөрү көпчүлүк аймактарга мезгил-мезгили менен кар түшөт. Жуманын кийинки күндөрү жаан жаабайт.
Талас облусу
14-15-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. 16-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзү кээ бир райондорго кар түшөт. 17-февралдан тарта күн ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-15-февралда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Ош, Жалал-Абад облустары
Жуманын башынан бейшембиге чейин маал-маалы менен жамгыр жаап турат. Андан соң күндүн көзү ачылат.
Баткен облусу
14-15-февраль күндөрү гана кар жаашы болжолдонууда. Ошол бойдон 19-февралга чейин күн ачык турат.
Ысык-Көл облусу
17-февралга чейин кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. 18-19-февралда жаан-чачын болбойт.
Нарын облусу
14-16-февралда кээ бир аймактарга кар түшөт. 17-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаайт. Ал эми күндүзү аба ырайы бузулбайт, 19-февралга дейре ачык болот.