Майрамбек уулу Калыс — өмүр баяны

Калыс Майрамбек уулу 1995-жылы 28-сентябрда Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2017-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "салык жана бажы укугу" адистиги боюнча аяктаган.
Sputnik
Эмгек жолу:
2016-2017 ― "ГорПроект" архитектуралык компаниясында юристтин жардамчысы;
2018 ― Mark Twain company маркетинг компаниясында долбоорлор боюнча менеджер;
2019 ― "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКта маркетинг боюнча адис;
2020-жылы Mark Twain company маркетинг компаниясында башкы долбоорлор менеджери.
I, II, III Көчмөндөр оюндарында ыктыярчы (2014, 2016, 2018 жж). III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ыктыярчыларды координациялоо боюнча уюштуруучулардын жардамчысы. "Бирге" жаштар кыймылынын координатору.