Жумага карата аба ырайы

4-февралга караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда, өлкөнүн башка региондорунда күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жума күнү күндүз республика боюнча жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Кээ бир райондордо туман түшүп, жолдор тоңуп, тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Талас жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл чөлкөмүндө -1...+4, ал эми Нарын аймагында -3...-8 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +2...+4 жана Ош калаасында +5...+7 градуска жетет.
Февралда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин маалыматы