Жалгыз роман жана агартуучулук эмгек. Узакбай Абдукаимов жөнүндө 10 факт

Кыргыз адабиятына опол тоодой эмгек сиңирген мээнеткеч, эмгекчил жана өзгөчө инсандардын бири - Узакбай Абдукаимов. Бир романы менен адабияттын төрүнөн орун алып, агартуучулугу менен элине өлчөөсүз жакшылыгын жасап кеткен.
Sputnik
Интернаттан тарбияланып, билимге бой уруп, кийин согушка офицер болуп кирип, адабияттын түйшүгүн артынып, котормо менен агартуучулукту аркалаган өзгөчө талант болгон. Бүгүн Узакбай Абдукаимов тууралуу фактыларды окурмандарга тартуулайбыз.
Туулган жылы, жери, окуу жылдары. Узакбай (Узак) Абдукаимов 1909-жылы ошол кездеги аймактык атоо боюнча Россия империясынын Фергана областынын Анжиян уездинин Көк-Арт өрөөнүнө кирген Багыш деп аталган айылда туулган. Азыркы бөлүштүрүү боюнча ал жер Жалал-Абад облусунун Сузак районуна карайт. Тарыхтан маалым болгондой, бул өрөөнгө XIX кылымдын II жарымынан эле Борбордук Россиядан оторчулар көчүп келип, ондогон посёлкаларды тургузган. Алардын келиши менен айрым прогрессивдүү адамдар тарабынан европалык маданият, орус тили да кошо келип, кээ бир жаштар, балдар орус тилин үйрөнүп, башка жактарга караганда илим-билимге жакын болуп чыккан. Узакбайды он жашында, 1919-жылы, жаңы ачылган Көк-Арт балдар үйүнө киргизишет. Бул түштүк Кыргызстанда ачылган эң алгачкы интернаттардын бири болгон жана орус тилин үйрөткөн. Идириктүү баланы 1923-жылы мектеп-интернаты ошол кездеги борбор болуп эсептелген Ташкент шаарына ушундай эле мектеп-интернатта окуусун улантуу үчүн жиберет. Андан бир аз билим алган соң, баланын бактысын караңыз, 1924-1925-жылдарда Борбор Азиянын жападан жалгыз окуу жайында – Казак-кыргыз агартуу институтунда окуу бактысына туш келет. Кыргыз менен казактын эң биринчи агартуучулары, акын-жазуучулары билим алган бул окуу жайында орус, татар, ногой, анча-мынча жергиликтүү мугалимдер сабак берген. Алардын көпчүлүгү өздөрү да көркөм чыгарма жазган, котормочулук, басма иштери менен шугурланган.
Фрунзе шаарындагы билим алуусу жана алгачкы жумуштары. Орто Азиядагы элдер өз алдынча автоном облустарга бөлүнүп атканда ар биринин борборлорунда окуу жайлар ачылат да, студенттер Ташкенден ошол жактарга жиберилет. Ошентип ал Фрунзеде педагогикалык техникумда окуп калат. Акын-жазуучулардын биринчи мууну ушул жерде окушкан, бул жерде "Кызыл учкун" деген адабий ийрим түзүлгөн. Балдардын ичинен эң эле идиректүүсү, билимдүүсү, орус мугалимдери менен сүйлөшө алганы Узакбай Абдукаимов болгон. Мугалимдер ал кезде өлкө үчүн аба менен суудай керек эле. Окууну бүтөрү менен 1929-жылы өкмөт аны дароо эле Фрунзе шаарындагы №8 үлгүлүү мектепке директор кылып жиберет. Ошол эле кезде агартуучулук багыттагы "Жаңы маданият жолунда" журналында жооптуу катчы да болуп иштейт. Москвада СССР элдеринин борбордук басмасы кыргыз тили боюнча окуу китептерин, көркөм адабияттарды чыгарууга катуу киришип, ал ишти аркалоо үчүн Узакбай Абдукаимовду 1930-жылы басылманын кыргыз секциясына кызматка жиберет. Ал жакта бир жыл иштеген соң кыргыз өкмөтү кайра чакыртып алып, туулган жерине – Жалал-Абадга райондук агартуу бөлүмүнө башчы кылып жөнөтөт. Жалал-Абадда 1931-1933-жылдарда иштеп келген соң, 1933-1937-жылдарда Тил, адабият жана тарых илим-изилдөө институтуна жумушка алынып, окуу китептерин жазуу түйшүгүн тартат. 1937-1940-жылдарда Кыргыз драма театрында адабият бөлүмүндө эмгектенип, бир катар драмалык чыгармаларды которуу менен алектенет. 1940-1942-жылдарда кайрадан Тил, адабият жана тарых илим-изилдөө институтунда иштейт.
Кыргыз тамсилчилеринин көч башында. Мухтар Борбугулов тууралуу 10 факты
Алгачкы чыгармалары. Узакбай Абдукаимов Ташкентте окугандан тартып адабий чөйрөгө жакын болду, орус, татар, казак жазуучуларынын чыгармаларын түп нускада жетик өздөштүрдү. "Жаңы маданият жолунда" журналына анын 1928-1929-жылдардагы №6-7 санына "Таң атканда", №8-9 санына "Бакыт жолунда" деген аңгемелери жарык көрдү. Ушул эле мезгилде "Ач талаа" деген аңгемеси да, "Эркин-Тоо" газетасына "Биз – жолдоштор" деген поэмасы да басылат. 1934-жылы "Студент жана студентка" поэмасын, 1939-1940-жылдарда "Кыздын таалайы" повестин жазган. Алары улуттук адабиятка анчалык ийгилик алып келбегендей көрүнгөнү менен али жыйырмага да келе элек жигиттен көп нерсе күтүүгө мүмкүн экенин көрсөттү. Ошол кезде казак жана орус классикалык адабиятын кыргызчалатуу өзгөчө орунда турган. Казак акыны Сакен Сейфуллиндин "Мужуктар" деген чыгармасын 1932-жылы, орус жазуучусу Максим Горькийдин "Чоң атасы Архип жана Ленька" аңгемесин 1935-жылы, орус акыны жана жомокчусу Александр Пушкиндин айтылуу "Балык жана балыкчы тууралуу жомогун" 1936-жылы, "Алтын короз жөнүндө жомогун" 1940-жылы, Николай Гоголдун "Текшерүүчү" комедиясын 1937-жылы, Мольердин "Жорж Данден же акмак болгон күйөө" комедиясын 1939-жылы которуп, китеп кылып чыгарып, айрымдарын окуу китептерине киргизди. Бул котормолор ошол күндөн ушул күн төл чыгармалардай шар окулат, тил мүдүрүлтпөй, кыргызча эле жазылган сыяктанат. Согушка чейин анын "Кыздын таалайы" повести, "Суусамыр окуялары" деген тарыхый очерки жазылып чыкканы менен өз кезегинде да, андан кийин да бул чыгармалары кеңири талдоого алынбады. Ал мезгилдин негизги темасы болгон эски менен жаңынын күрөшү, жаңынын жеңиши бул чыгармалардын негизги өзөгүн түзгөн. Өткөн кылымдын 30-жылдарындагы анын улут үчүн кылган эң чоң эмгеги башталгыч класстардын 3-окуу жылы үчүн түзгөн "Адабият хрестоматиясы" окуу китептери болду. Ал китеби 1933, 1935, 1936, 1937-жылдары чыгып, элдин сабатын ачууда эбегейсиз эмгек кылган. Бул окуулуктарды түзүүдө анын мугалим катары мектепти биле тургандыгы өзгөчө жардам берген. Хрестоматияга киргизүү үчүн кыргызча өрнөктүү тексттер аз болгон, ошону үчүн ал орус жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз балдарына ылайыктап которуп берип атып, профессионал котормочуга өсүп жеткен.
Согушка офицер катары катышкан. Фронттогу жолун 1942-жылдан баштады. Псков облусунун Беларусияга жакын Великие Лука деген шаарына коюлган чабуулдардын биринде жаракат алган. Анан аны окууга жиберишти. 1943-жылы Кызыл туулуу Киров атындагы 1-Ленинград жөө аскерлердин училищесине кабыл алынат да, ал жерде бир жыл окуйт. Миңдеген кыргыз жигиттери катардагы жоокер болуп согушка аттанып жатса, ал алаамат урушка офицер катары кирди. Ар түрдүү улуттагы аскерлерди башкаруу үчүн согуш өнөрүн гана эмес, орус тилин мыкты билүү керек. Узакбай Абдукаимовдо ошондой сапаттар бар эле. 1945-жылы согуш аяктап калганда Кенигсбергдин алдында жарадар болуп, Улуу Жеңишти Германияда тоскон. Анан аларды 39-армиянын курамында Маньчжурияга япон согушуна жиберет. Бул жерде ал Советтик Армиянын катарында ошол жылдын декабрь айында чейин болуп, анан демобилизацияланган. Согуштагы эрдиктери үчүн "Кызыл Жылдыз" ордени жана үч медаль менен сыйланган.
Кыргыз адабиятына жан үрөп иштесе да бааланбай келет. Касым Каимов жөнүндө 11 факт
Согушта жазган "Күндөлүктөрү". Ал асмандан самолёттордун, жерден замбиректердин үнү угулуп турган кезде окоптордо жатып күндөлүк жазып жүргөн. Жазгандары жөн эле бир окуялардын тизмеги эмес. "Күндөлүктөр" тууралуу Осмонакун Ибраимов мындай дейт: "Биринчиден, орусча жазылыптыр. Болгондо да так жана таамай орустун мыкты тилинде. Экинчиден, согуш жөнүндө, анын чыныгы анатомиясы, жексур жүзү, антигумандык табияты тууралуу ошол кездеги эң мыкты деген ойчулдардын жана гуманисттердин, тагыраак айтсак, Эрнест Хемингуэйдин, Эрик Мария Ремарктын же Василий Гроссмандын деңгээлинде ой жүгүрткөнүчү… Советтик Армия Кенигсбергге жетип Чыгыш Европаны эми аралаганда Узакбай Абдукаимов биздин аскерлердин жергиликтүү элге жырткычча мамиле кылганына кейип, мындай дейт: "Мы своим поведением, отношением иной раз не можем показать образец высокой культуры тем, кто на нас смотрит с явным любопытством. Майор, капитан, младший лейтенант рассказывают, что не только изнасиловали девушку, но застрелили мать, отца, сына. Их приговорили к расстрелу. Другой просто обокрал доверчивую хозяйку. Русский офицер должен серьезным образом думать о своем воспитании. Он должен блистать во всем. Ведь Европа не должна разочароваться нами. В нас должны видеть не только людей с хорошей думой, но и высокого сознания, культуры и умения". Айрыкча, кыргыз жазуучусунун согуш жана тынчтык тууралуу жазган философиялык реминисценциялары өзүнүн тереңдиги жана чыныгы гуманизми менен таң калтырат". Бул сөздөрдү кыргыздын бир жигити Европанын чок ортосунда туруп жазып жатат.
Жеке жашоосу, мүнөзү. Адабиятчы Кеңешбек Асаналиевдин маалыматы боюнча, Илий Сарманова деген аял аларды пединститутта адабияттан окутуптур, кийин каза болуп калыптыр. Бул эжей Узакбай Абдукаимовдун жубайы экен, экөө Дзержин бульварындагы студенттик жатакананын биринчи кабатындагы бир кичине бөлмөдө жашаптыр. Узак агай интеллекти бийик, кылдат сезимдүү, ар тарабын максаттуу ойлогон сабырдуу, токтоо адам болуптур. Кийин анын махабаты кадимки Касым Тыныстановдун жесири Турдубүбүгө арналганын адабиятчы Осмонакун Ибраимов жазган. "Узакбай менен Турдубүбүнүн махабаты бара-бара чыныгы машакатка айланып, экөө согуш убагында кат аркылуу чоң философиялык талашка түшөт; өз ара пикир келишпестик алардын бири-бирине болгон сүйүүсүн өчүрмөк түгүл ого бетер өрчүтүп, иш жүзүндө чоң руханий драмага, керек болсо өмүрдү кыскарткан трагедияга айланат". Экөөнүн баш кошпой калышынын, албетте, көп себептери бар эле. Сооронбай Жусуевдин айтуусунда, ал "ак ниет, таза, ыймандуу, бир сырдуу, адил" адам болгон.
Жаш жазуучуларга камкордугу, редакторлук таланты. Ал адабиятка жаңыдан келип, "контрдун баласы", "журналист" делип жүргөн, адабияттагы тагдыры бүдөмүк турган Чыңгыз Айтматовду колдоп, ага көп жардам берген. Алгачкы ырларын жазып Ошто жашап жаткан Сооронбай Жусуевдин чыгармаларын таап, "Жаш акындар" деген альманахка, "Советтик Кыргызстан" журналына алардын айрымдарын жарыялатып, өзү окуп, иргеп, машинкага бастырып, редакциялап, 1950-жылы "Эмгек күүсү" деген ат менен биринчи жыйнагын чыгарткан. Кеңешбек Асаналиевдин да ырларын ушундай процесстен өткөрүп жатканда анын теги тууралуу арыз түшүп, ошого китеби басма планынан алынып салынганда аябай өкүнгөн экен. Узакбай Абдукаимов эң таланттуу редактор болгон, анын колунан жүздөгөн китептер тазаланып, жаркырап чыгып турган. Алардын арасында Алыкул Осмоновдун "Махабат" (1945), "Жаңы ырлар" (1947), "Менин жерим – ырдын жери" (1947), "Жаңы ырлар" (1949) деген кыргыз поэзиясынын классикасына айланган жыйнактары да болгон. Бул иштери согуштан кийин ал 1947-жылдан "Кыргызмамбас" басылмасында редактор, 1949-жылдан Кыргыз Жазуучулар союзунда адабий кеңешчи болуп турган кезде өзгөчө көрүнгөн. Согуштан келгенден кийин да окуу китептерин жазуу ишмердүүлүгүн кайра жандандырып, 7-класстар үчүн "Биздин адабият" аталышындагы хрестоматиясын жазып, ал 1950-жылдан 1957-жылга чейин жети жолу басылган. 3-класстар үчүн "Эне тил" китеби 1950-жылдан 1959-жылга дейре кайра-кайра басылып чыгып турган.
Чекисттерди четинен жумшарткан. Аман Токтогулов тууралуу кызыктуу 11 факт
Жазуучунун башкы чыгармасы. Бул, албетте, "Майдан" романы. Ал чыгарманы жазууга көп жылдар камылга көрүп келген. Романдын кээ бир үзүндүлөрү "Ала-Тоо" журналына басылып, биринчи китеби 1961-жылы жарыкка чыкты. Биринчи китеп чыгары менен 1962-жылдын 11-мартындагы "Советтик Кыргызстан" газетасына Аалы Токомбаевдин "Майдан" романы жөнүндө учкай сөз" деген макаласы басылат, кийин Жазуучулар союзунда талкууга алышат, анда көпчүлүк романды сындап сүйлөйт. Жаш жазуучу Чыңгыз Айтматов жана жаш сынчы Камбаралы Бобулов гана мактайт. Бул талкуу жазуучуга катуу тиет, 1963-жылы каза болуп калып, экинчи китеби 1966-жылы гана чыгат. Роман 1972-жылы орус тилинде Рослякованын котормосунда Москвадан "Фронт" деген ат менен чыгып, баш сөзүн Чыңгыз Айтматов жазган, баш сөздө доор жана тагдыр, сүрөткер жана көркөм чындык проблемалары өтө терең философиялык өңүттөн ачып берилген.
Котормочулукка кошкон өлчөөсүз салымы жана акындыгы. Биз анын котормочулук талантына көп баа бербей келебиз. Театрдын адабий бөлүмүн башкарып турган кезде, андан мурда да, андан кийин да Вильям Шекспирдин "Верондук эки киши", Лопе де Веганын "Койлуу булак", Алексей Островскийдин "Күнөөсүз күнөөлүүлөр", Максим Горькийдин "Егор Булычев жана башкалар", Леонид Леоновдун "Чабуул" пьесаларын, Узеир Гажибековдун "Аршин мал алан" операсынын либреттосун кыргызча эң мыкты которуп берген, булардын айрымдары ошол котормо боюнча азырга чейин коюла калып жүрөт. Ошолордун таасиринде өзү да "Айша менен Айдар" операсынын либреттосун, "Ак кайың" пьесасын жазган. Согуштан алган тажрыйбасы Александр Фадеевдин "Жаш Гвардия" романын которуу процессинде эң мыкты көрүнгөн. Анын орус тилин жеткиликтүү билгендигинен жана кыргыздын мыкты стилистигинен Александр Пушкиндин (жомоктору, лирикалары, "Борис Годунов", "Полтава" поэмалары), Николай Некрасовдун, Жорж Байрондун, Габдулла Тукайдын, Владимир Маяковскийдин, Корней Чуковскийдин ыр-поэмалары, Антон Павлович Чеховдун, Максим Горькийин аңгемелери кыргызча "сүйлөдү".
Анын чыгармачылык куржунунда анчалык көп болбогону менен жакшы ырлары бар. Александр Пушкиндин "Кышкы кеч" деген ырын "борошо уруп", "кар тозоңун учурат" деп абдан элестүү саптар менен которуп жатпайбы. Узакбай Абдукаимовдун "Эмгек маршы" деген ырынын күүсү менен биз, социализмдин балдары, эчен жолу "Жарышып жазда, күрөшүп күздө, элибиз эмгек менен эрденип күлгөн" деп марш тээп мектеп алдында турдук. Анын эл арасында өзгөчө кеңири тараган ырлары "Ашык жар", "Пионер ыры".
Жазуучунун акыркы күнү жана ысымын сактоо. Ал күн тууралуу Сооронбай Жусуев мындайча эскерген: "...Ысык-Көл жакка барып, өпкөсүнө суук тийгизип алып, кайтып келип ооруканада көпкө жатты. Сыркоо уламдан улам күчөй берди. Эч айла табылбай, ал ооруканада көз жумарда анын керебетинин башында Тенти Адышева, Түмөнбай Байзаков жана мен үчөөбүз көзүбүзгө жаш алып кайгырып турдук... Ал күн 1963-жылдын 14-сентябры эле..." Анын аты өзү алгач 1929-1930-жылдары иштеген Бишкек шаарындагы №8 мектепке, туулган жери Сузак районунун №8 мурдагы Багыш орто мектебине ыйгарылган. Борбор калаанын ал жашаган Москва көчөсүндөгү №141 үйүнө мемориалдык такта орнотулган. 2010-жылы 12-февралда Улуттук университетте жазуучу Узакбай Абдукаимовдун 100 жылдыгына арналган илимий жыйын болду. 2019-жылы 9-декабрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Узакбай Абдукаимовдун 110 жылдыгына арналган "Узакбай Абдукаимовдун экинчи өмүрү – канаттуу чыгармаларында" аталышындагы илимий-практикалык конференция уюштурулду.
Сүйүү аңгемесин аткаминерлер катып окушкан. Орозбек Айтымбетов жөнүндө 12 факт