Бишкек боюнча жаңы канализациялык коллектор курулат. Видео

Канализациялык коллектор Пригородное айылындагы суу тазалоочу жайынан өтүп Ахунбаев көчөсүнө (жалпы узундугу 11 чакырым) чейин барат.
Sputnik
Бишкектеги жаңы магистралдык коллектордун курулушу менен шаардык канализациялык тармак кеңейет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы канализациялык коллектор Пригородное айылындагы суу тазалоочу жайынан өтүп Ахунбаев көчөсүнө (жалпы узундугу 11 чакырым) чейин барат. Коллекторду орнотуу боюнча курулуш иштери алты участокко бөлүнүп, этап-этабы менен бүткөрүлөт. Анын жайгашчу аймактарын видеодон көрүңүздөр.
Курулуш иштери аяктаган соң, жаңы коллекторго туташтыруу маселеси боюнча "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын "Бирдиктүү терезесине" кайрылыңыздар. Байланыш номери: (0312) 317-294.
Тема боюнча:
Бишкектеги жаңы конуштун жашоочуларына 600дөн ашуун техпаспорт берилди
Бишкек мэриясы БГУ менен Политехтин тосмолорун алып салды
Айбек Жунушалиев Бишкек мэриясынын түзүмүн өзгөрттү