Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыда дагы бир кыргызстандыктын кармалганы айтылды. ТИМ текшерип жатат

Социалдык тармактарда 46 жаштагы мекендеш 8-январда кармалганы туурасында кеп тараган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Казакстанда дагы бир кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков кармалды деген маалыматты текшерип жатат. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковдун кармалганы туурасында маалымат тараган. Анын алматылык жакын санаалаштарынын бири Айгүл Сартбаева ал Алматыда эмерек чогултуп иштеп жүргөнүн айткан. Ал эми 8-январь күнү жашаган жериндеги убактылуу каттоосунун мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу Бишкекке кетүүнү чечкен.
Сартбаеванын айтымында, күч түзүмдөрү аны шаардан чыгып жатканда кармаган.
Ошондой эле ал кыргызстандык кишинин башаламандыкка аралашпаганын, муну далилдөөчү күбөлөр бар экенин белгилеген.
"ТИМ маалыматты текшерип жатат. Чолпонбек Сыдыковдун кармалганы тууралуу тастыкталган маалымат жок. ТИМдин линиялары аркылуу аны издөө боюнча бардык чаралар көрүлүүдө", — деп билдирди министрлик.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-январда, Казакстандын күч түзүмдөрү кармаган төрт кыргыз жараны бошотулган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыда дүкөн тоноп, техниканы дароо сатыкка койгон адам кармалды. Видео
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандагы башаламандыкта көз жумгандардын саны айтылды