БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Алихан Смаилов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүүдө тараптар коңшу мамлекеттеги коомдук-саясий кырдаалды талкуулашкан. Жапаров бир тууган казак элине ар тараптан, анын ичинде ЖККУнун алкагында жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
Смаилов Кыргызстанга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстанда болуп жаткан кырдаал эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеп, өнүктүрүүгө тоскоол болбой турганын белгилеген.
Эске салсак, 6-январга караган түнү президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сураган. Андан соң уюмдун жетекчилиги тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. ЖККУнун күчтөрү аскердик инфраструктура жана башка объектилерди кайтаруу үчүн барат.
ЖККУнун алкагында тынчтык орнотуучу күчтөрдү Казакстанга жиберүү маселеси Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен гана чечилет. Эл өкүлдөрүнүн бүгүнкү кезексиз жыйыны кворум жоктугунан улам өтпөй калды.
Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев эгер кыргызстандык аскерлер Казакстанга жөнөтүлө турган болсо, акцияларга аралашпай тынчтыкты орнотуу иштерин гана жүргүзөрүн билдирген.