Мэрия Бишкектеги жаңы кызматка жети автоунаа алды. Сүрөт

Борбор калаада биринчилерден болуп шаардыктарга жардам көрсөтө турган жаңы кызмат ачылды. Долбоор сынамык түрдө ишке кирди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы бюджеттин эсебинен Үй-бүлөлүк медицина борборуна (ҮМД) амбулатордук дарылоого чыккан ак халатчандарды ташый турган атайын автоунаа алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.
1 / 3

Бишкек мэриясы бюджеттин эсебинен Үй-бүлөлүк медицина борборуна (ҮМД) амбулатордук дарылоого чыккан ак халатчандарды ташый турган атайын автоунаа алды

2 / 3

Мэриядан бул кызмат үйгө барып бекер дарылай турганын кабарлады. Учурда ири ҮМБдеги Амбулатордук кызмат туурасында жобо иштеп чыгып жатышат.

3 / 3

Бул шаардагы сынамык долбоорлордун бири болмокчу. Буга чейин мындай багытта уюштурулган эмес.

Мэриядан бул кызмат үйгө барып бекер дарылай турганын кабарлады. Учурда ири ҮМБдеги Амбулатордук кызмат туурасында жобо иштеп чыгып жатышат. Бул шаардагы сынамык долбоорлордун бири болмокчу. Буга чейин мындай багытта уюштурулган эмес.
Мэрия бул кызмат шаардагы Тез жардамдын ишин жеңилдетет деген пикирде. Анткен менен жаңылар медициналык тез жардамга бара албайт жана ооруканага жаткыруу менен алектенбейт.
Алдын ала берилген маалыматта, бейтаптын үйүнө баруу оорулуунун же жакындарынын/багып жаткан адамдын кайрылуусунун негизинде болот.
Жаңы кызмат төмөнкү учурда жардамга келет:
эгерде эшикке чыкпоо тартибин катуу сактоо зарылдыгын дарылаган медик айтса (ноокас ооруканадан чыккандан кийин дарыгер-консультанттын сунушу менен);
өнөкөт оорусу болуп, ордунан жылдырганга болбой жатып калса же бейтап такыр баса албаса;
оорусу айыкпай тургандар, психикалык жана басып жүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандар, интенсивдүү симптоматикалык дарылоого, көптөн бери дарыланып психосоциалдык көмөккө муктаждар;
оор илдеттен кийин стационардан чыгып сакайып кеткенге чейин көп убакыт керек болгон бейтаптар;
рецепт жаздыруу керек болгондор;
убактылуу кыймылдай албай документ толтурууга экспертизанын бүтүмүнө муктаждар;
ооруканага жатууга багыттама ала тургандар;
амбулатордук бригаданын курамына дарыгердин, медайымдын, социалдык кызматкердин, психологдун жана ыктыярчынын кириши каралууда.
Бишкектеги бейтапканаларга 14,7 млн. сомго тез жардам унаалары сатып алынат