БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Инвестиция министринин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде жакынкы аралыкта ишке ашырыла турган инвестициялык долбоорлорду тизмектеди.
Баясовго 2022-жылы кандай долбоорлорду ишке киргизүү күтүлөрү тууралуу суроо берилди. Ал адегенде быйыл беш долбоор ишке ашырылып, анын алкагында 820 жумушчу орун түзүлгөнүн билдирди.
Министрдин милдетин аткаруучунун айтымында, 2022-жылы алты инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бирок аткаминер экөөнү гана атады:
Кара-Балтадагы килем токуучу комбинаттын ишин жандандыруу, инвестор тарабынан буга чейин 400 миң долларга жакын инвестиция (акцияларды сатып алуу, оңдоо иштери) салынган; долбоордун өзү 25 миллион долларга бааланат, 800-1000 жумушчу орун түзүлөт;
эл аралык класстагы жабдыктары менен заманбап европалык деңгээлдеги медициналык борбордун курулушу, аянтчаны даярдоо үчүн 200 миң доллар инвестиция салынган, рыноктун мүмкүнчүлүктөрү таразаланып жатат; бардык жабдуулар 1,2 миллион долларга бааланган; бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда экономикага 15-25 миллион доллар инвестиция тартуу күтүлүүдө.