Кыйындар: ааламга белгилүү, таасирдүү аялдардын сүрөтү

Рынокко анализ кылып жана изилдеген эл аралык YouGov компаниясы дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын рейтингин жарыялады. Тизмеде саясатчылар, шоу-бизнес менен Голливуддун мыктылары болду.
Sputnik
1 / 15

Рейтингде биринчи орунда АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын жубайы Мишель Обама турат

2 / 15

Экинчи орунда дүйнө эли урмат-сый менен мимиле кылган актриса жана режиссер Анжелина Жоли турат

3 / 15

Үчүнчү баскычка Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II чыкты

4 / 15

Америкалык атактуу теле алып баруучу Опра Уинфри да дүйнөдөгү атактуу аялдардын рейтинги боюнча тизмеге илинген

5 / 15

Германиянын экс-канцлери, Христиан-демократиялык союздун мүчөсү Ангела Меркель ондукка кирди

6 / 15

Нобель сыйлыгынын 18 жаштагы лауреаты Малала Юсуфзай тогузунчу орунга чыкты

7 / 15

Индиялык актриса жана продюсер Приянка Чопра да тизмеге кирди

8 / 15

АКШнын вице-президенти Камала Харрис 11-орунду ээлеген

9 / 15

АКШнын Демократиялык партиясынын мүчөсү Хиллари Клинтон 12-позицияга чыкты

10 / 15

Индиялык модель жана актриса Айшвария Рай Баччан дүйнөдөгү атактуу жыйырма аялдын бири болду

11 / 15

Infosys фондунун негиздөөчүсү жана камкорчусу Судха Мурти айым да YouGov рейтингине кирди

12 / 15

Рейтингдин тизмесинде экоактивист Грета Тунберг да бар

13 / 15

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания Трамп 16-орунда

14 / 15

Кытайлык актриса Ян Ми дүйнөдөгү таасирдүү аялдардын бири болду

15 / 15

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн рейтингдеги атактуулардын катарын толуктады