БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Кыргызстанда 10 айдын жыйынтыгы боюнча күмүштү сыртка сатуу 7,2 тоннага азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Өлкө ушул жылдын январь-октябрь айларында чет мамлекетке 2 миллион 953,7 миң долларга бааланган 3 тонна 306 килограмм күмүш экспорттогон. Былтыр ушул эле убакытта бул баалуу металлдын 10 тонна 555,9 килограммы тышка сатылган (6,3 миллион доллардан ашуун каражатка).
Белгилей кетсек, Кыргызстан январдан майга чейин күмүштү Швейцарияга жөнөткөн. Жайында баалуу металл экспорттолгон эмес, сентябрда болсо Россия 45 килограмм алган.
Октябрда жалпы 25,6 килограмм күмүш сатылып, Россия (0,4 кг) менен Швейцарияга жиберилген.