Кайсы партиядан канча аялга депутаттык мандат берилет? Тизме

Мыйзамда "ар бир партиядан парламентке өткөндөрдүн 30 пайызы аял болушу керек" деген норма бар. Бул шайлоодо 19 аялга депутаттык мандат берилиши керек.
Sputnik
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарып, 6 партия өттү деп таанылды. Анын ичинен 19 аялга мандат берилет.
Белгилей кетсек, аялдардын баары эле көп добуш алганы үчүн өткөн эмес, гендердик квотанын негизинде мандат берилмекчи. Мыйзамда "ар бир партиядан парламентке өткөндөрдүн 30 пайызы аял болушу керек" деген норма бар. Бир мандаттуу округдардан шайлангандарга мындай квота киргизилген эмес.

Депутат болуп келчү аял-талапкерлер жана алган добушу

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы — 15 мандат, 5 аял:
Жылдыз Садырбаева;
Жамиля Исаева;
Надира Нарматова;
Камила Талиева;
Гүлшаркан Култаева.
"Ишеним" партиясы — 12 мандат, 4 аял:
Жылдыз Таалайбек кызы;
Миргүл Темирбаева;
Айсара Абдибаева;
Чолпон Султанбекова.
"Ынтымак" партиясы — 9 мандат, 3 аял:
Шарапаткан Мажитова;
Аида Исатбек кызы;
Лейла Лурова.
"Альянс" партиясы — 7 мандат, 3 аял:
Гүлкан Молдобекова;
Нилуфар Алимжанова;
Токтобүбү Оргалча.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы — 6 мандат, 2 аял:
Орозайым Нарматова;
Гуля Кожокулова.
"Ыйман нуру" партиясы — 5 мандат, 2 аял:
Динара Ашимова;
Венера Раимбачаева.
Белгилей кетсек, БШК кечээ, 15-декабрда, өз чечими менен аялдардын квотасын бөлүштүрүү тууралуу жобону өзгөрткөнүн маалымдады. Ага ылайык, мурда жети мандаттын экөө аялдарга берилсе, өзгөртүүдөн кийин үчөө бериле турган болду. Бул "Альянс" партиясына түздөн-түз таасир этип, тизмедеги Жанар Акаевге мандат берилбей, анын ордун Токтобүбү Оргалча ээледи. Өз кезегинде Акаев "шайлоодон кийин оюндун эрежесин өзгөртүү жогорку бийликтин буйругу болду" деген пикирин билдирди.
Партиялар АСУ жана кол менен эсептөөдө канча добуш алды. Салыштыруу