Кожокулова Гуля Акматкуловна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКожокулова Гуля Акматкуловна
Кожокулова Гуля Акматкуловна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Гуля Кожокулова 1965-жылы 13-апрелде Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин "укук таануу" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1987-жыл, август-октябрь — Фрунзе шаарынын биринчи мамлекеттик нотариалдык конторасында иштеген;
1987-жылдан тартып Ленин райондук прокуратурасында такшалуучу, жардамчы, райондук прокурордун улук жардамчысы;
1992-2003 — Бишкек шаарынын прокурорунун улук жардамчысы, шаардык прокуратурада бөлүм башчы;
2003-2007 — Башкы прокуратурада бөлүм башчы;
2007-2008 — Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары;
2008-2011 — Ленин районунун прокурору;
2021 — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Жаңылыктар түрмөгү
0