Бишкектеги дагы бир конуш газга туташтырылды. Сүрөт

Бишкектин четинде дагы 5500 жашоочу жаратылыш газын колдонууга мүмкүнчүлүк алды. Бул үчүн компания 26 чакырымдык өткөргүч курган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" компаниясы Бишкектин четиндеги Рухий Мурас конушун табигый газга кошту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

"Газпром Кыргызстан" компаниясы Бишкектин четиндеги Рухий Мурас конушун табигый газга кошту

2 / 5

Дагы 5500 жашоочу экологиялык жактан таза отун колдонуу мүмкүнчүлүгүн алган

3 / 5

Бул үчүн компания тарабынан жалпы узундугу 26 чакырымды түзгөн газ өткөргүчтөрү курулду.

4 / 5

Жогорудагы районго газ жеткирүү иштери өлкөнүн газдаштыруу боюнча Башкы схемасынын жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында 2021-жылдын июнь айында башталган

5 / 5

Россиялык компания жарым жылга жетпеген убакыттын ичинде тийиштүү жумуштарды аткарып, конуштун тургундарына жаратылыш газын бере баштады

Анда айтылгандай, дагы 5500 жашоочу экологиялык жактан таза отун колдонуу мүмкүнчүлүгүн алган. Бул үчүн компания тарабынан жалпы узундугу 26 чакырымды түзгөн газ өткөргүчтөрү курулду.

"Рухий Мурас жаңы конушуна жаратылыш газына туташтыруу иш-чарасы кечээ, 14-декабрда, өттү", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорудагы районго газ жеткирүү иштери өлкөнүн газдаштыруу боюнча Башкы схемасынын жана "Газпром Кыргызстан" компаниясынын инвестициялык программасынын алкагында 2021-жылдын июнь айында башталган.
Россиялык компания жарым жылга жетпеген убакыттын ичинде тийиштүү жумуштарды аткарып, конуштун тургундарына жаратылыш газын бере баштады.
2016-жылдан бери "Газпром Кыргызстан" республиканын 40 калктуу конушун камтыган, жалпы узундугу 1 000 чакырымдан ашык газ өткөргүчтөрдү курду. Бул мезгил ичинде 200 миңден ашуун адам жаратылыш газын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алышты.
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов өлкөдөгү электр энергиясы жана көмүр маселесин эске алуу менен газдаштыруу иштери пландалган мөөнөттөн мурда бүткөнүн билдирди.
Ал ошондой эле мекеме шаардыктарды жылуулук менен камсыздап, экологиялык таза газ колдонуусу үчүн болгон аракеттерди жумшап жатканын кошумчалады.
2030-жылга чейин компания газдаштырууну 60 пайызга чейин жеткирүүнү пландоодо. Ушу тапта бул көрсөткүч 36 пайыз.
Бишкекте жылуулук боюнча суроо жаралса кайда чалса болот? Телефондор