БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 68 кишиден коронавирус аныкталып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Айыгып чыккандар ооругандарга карата азыраак болуп, 57 адамды түзгөн.
Жаңы жуктургандар:
Азыркы тапта өлкө боюнча 709 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Алардын 347си ооруканада болсо, 371 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.