ЖМК: Россияда 2022-жылы автоунаа тартыштыгы курчуйт

2021-жылдын тогуз айында Кыргызстанга автоунаа эң көп Россиядан алып келинген. Бул убакыт аралыгында жалпысынан 8 646 автоунаа кирсе, анын 4 миңге жакыны РФтен келген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Россияда 2022-жылдын биринчи кварталында автоунаа тартыштыгы болот. Мындай дефицит көптөн бери каттала электигин РИА Новости агенттигине Автоунаа дилерлери ассоциациясынан билдирди.
"РосАвтоДилер" форумунда дилерлер менен өндүрүүчүлөр алдыңкы айларда Россияда автоунаа тартыштыгы бир топ курчуй турганын айтууда. Мындай көрүнүш быйылкы жылдын август айынан бери болуп жатат. Дефициттин негизги себеби — дүйнөдө автоунаанын өзүн жана тетиктердин өндүрүлүшүнүн көлөмү азайды", — деп айтылат билдирүүдө.
Адистер 2022-жылы толугу менен тетиктерди өндүрүү көйгөйү чечилбей турганын айтып, анткен менен абал турукташышы мүмкүн деп божомолдоодо.
Эске салсак, 2021-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанга автоунаа эң көп Россиядан алып келинген. Тогуз айда жалпысынан 8 646 автоунаа кирсе, анын 4 миңге жакыны РФтин көлүктөрү. https://sputnik.kg/economy/20211119/1054651824/avtounaa-kyrgyzstan-import.html