Жарлык чыккан. Эми Кыргызстанда таксисттер ИИМден лицензия алышы керек

Президенттин жарлыгы менен ИИМге автоунааларды каттоо жана жол кыймылы жаатында көп ыйгарым укуктар берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстанда такси кызматы менен алектенгендер эми Ички иштер министрлигинен лицензия алышы керек болот. Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун "Кыргызстанда жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгында белгиленген.
"Унаа" мекемеси эми ИИМге баш иймей болду. Жапаровдун жарлыгы
Таксисттерге лицензия кандай берилери азырынча белгисиз. Жарлыкта министрлер кабинетине мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, парламенттин кароосуна жөнөтүү тапшырмасы берилген.