Сузакта жөлөк пулдун кагаздарын бүтүрүү үчүн пара алган кызматкер кармалды. Сүрөт

Атайын кызматка жергиликтүү тургун соцкызматкер жаш балдарга жөлөк пул алуу үчүн берилген арыздарды карап жана каттоо үчүн акча сурап жатканын айтып кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.С. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Жалал-Абаддын Сузак району боюнча калкты социалдык жактан тейлөө бөлүмүнүн башкы адиси М.Э.С. пара алып жаткан жеринен кармалды
2 / 3
6-декабрда атайын кызматка жергиликтүү тургун "соцкызматкер жаш балдарга жөлөк пул алуу үчүн берилген арыздарды карап жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат" деген арыз менен кайрылган
3 / 3
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө ("Опузалап пара алуу") каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ага ылайык, 6-декабрда атайын кызматка жергиликтүү тургун "соцкызматкер жаш балдарга жөлөк пул алуу үчүн берилген арыздарды карап жана каттоо үчүн акча каражатын опузалап талап кылып жатат" деген арыз менен кайрылган.
45 миң доллар пара алган. Капиталдык курулуш башкармалыгындагы аткаминер кармалды
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө ("Опузалап пара алуу") каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кечээ, 7-декабда, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкер аял акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.