Банктык, финансылык кызматтарды толугу менен аралыктан көрсөтүү үчүн атайын FinMarket деген платформа иштелип чыгууда. Бул тууралуу Анвар Абдраев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул долбоорду өкмөт дагы колдоого алып жатат.
"Убагында өлкөдө санариптештирүү жаатында саясат катуу жүрдү. Бирок натыйжа жетиштүү деңгээлде болгон жок. Мындан улам банк тармагын санарипке өткөрүү боюнча долбоор пландалып жаткан. Бул үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келди. Учурда банктар сегиз мамлекеттик мекеме менен өзүнчө келишим түзүп иштейт. Мына ошонун баарын бир эле мамлекеттик органдан алуу боюнча талап койгонбуз. Ошондо элге банктык кызматтарды аралыктан көрсөтүүгө толук мүмкүн болмок. Долбоорду өкмөт дагы колдоого алууда. Учурда донорлордун жардамы менен долбоорду иштеп чыгып, декабрдын башында алгачкы презентациясын жасап, сынамык түрүндө иштеп баштады. Бул платформа толугу менен иштеп баштаса жарандар телефон же компьютер аркылуу эсеп, аманат ачып же насыя алып, дагы башка кызматтарды онлайн пайдалана алышат. Мындан тышкары, Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы, Кыргыз фондулук биржасы, Соцфонд дагы бирге иштешүүнү сунуштоодо. Демек, бул платформа банктык, деги эле жалпы финансылык кызматтарды аралыктан көрсөтүүгө шарт түзөт", — деди Абдраев.
Ошондой эле ал аталган долбоор көмүскө экономиканы ачыктоого да көмөктөшө турганын кошумчалады.