Жапаров Токаев менен жолугуп, кыргызстандыктар үчүн чек араны ачууну өтүндү

Пандемияга байланыштуу кыргызстандыктар Казакстанга автотранспорт менен бара албай жатат. Коңшу өлкөгө кирүү үчүн кымбат баадагы авиабилеттерди сатып алууга туура келүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту
Жапаров жолугушуу учурунда чек араларды ачуу маселесин козгогон.
"Эки өлкө тең коронавируска каршы вакцинациянын паспортторун тааныганына байланыштуу Казакстандын чек араларын эмделген жарандар үчүн ачууга кол кабыш кылууну өтүнөм", — деген Жапаров.
Бишкек менен Нур-Султан кызматташуу боюнча жол карта кабыл алды
Ал ошондой эле эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөрүн белгилеген. Тараптар энергетика, айыл чарба жана инвестиция маселелери боюнча кызматташууну талкуулашкан.
Токаев Кыргызстанда парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, бир тууган өлкөлөр ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө басым жасаган.