Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту

Былтыр Улуттук банк үч интервенция жасаган. Алардын ичинде 70 миллион доллардан ашык рекорддук көрсөткүч да бар.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Ноябрь айында Улуттук банк валюта рыногуна 170 миллион 350 миң доллар сатканы туурасындагы маалыматты өлкөнүн башкы банкынын сайтынан көрүүгө болот.
Эске салсак, өткөн айда Улуттук банк үч ирет валюта саткан:
Быйыл аталган банк баш-аягы 13 интервенция жасады.
Улуттук банк валюта асмандап кетпеши жана сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция жүргүзөт. Ал үчүн алтын валюта корун (эл аралык валюта резерви) колдонот. Алар валютанын ондон ашуун түрлөрүнөн, SDR (карыз алуунун атайын укуктары — Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражатынан) жана алтындан турат.