Шейшембиге карата аба ырайы

7-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй аймагында +7...+12, Талас өрөөнүндө +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Теңир-Тоодо 0...-5 градуска чейин суук болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +9...+11, Ош шаарында +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.