Буларда арзан эмес. Бишкекте көмүр саткан базалардын даректери

Көмүр саткан жайлардын басымдуу бөлүгүндө кара алтындын бир тоннасы 4 000 сомдон өйдө көрсөтүлгөн. Ал эми бир кабы 250 сом.
Sputnik
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы ордо калаадагы көмүр саткан базаларынын дарегин кайрадан жарыялап, ал жакта кандай көмүр бар экенин жана баасын жазды.
Билдирмеге караганда, Биринчи май районунда кошумча отун базалары ачылган. Жалпысынан 12 жерде Кара-Кече көмүрү сатылууда. Бир кабынын баасы — 250 сом.
Алар:
Свердлов районунда көмүрдү Достоевский көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан базадан тапса болот. Ал жакта Шабыркүл көмүрүнүн бир тоннасы 4 500 сом.
Казакстандан Шабыркүл көмүрү көп келе баштайт. Кайдан канчага сатып алса болот
Мындан тышкары, 11 жерде Кара-Кече көмүрү сатылып жатканы айтылды. Алардын ону Келечек жаңы конушундагы айланма жолдо болсо, бирөө Дордой-2 жаңы конушу тараптагы айланма жолдо. Мында Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 4 500, ал эми бир кабы — 250 сом.
Октябрь районунда көмүр Төкөлдөш айылында сатылып жатканы маалым болду. Ал жакта Кара-Жыра көмүрүнүн бир тоннасы 4 500 сом. Ушул эле районго караштуу Кара-Жыгач жаңы конушундагы Анкара көчөсү менен Достоевский көчөсүнүн кесилишинде Кара-Кече көмүрүнүн бир тоннасы 4 800 сомдон бааланууда. Бир кабы — 250 сом.
Ленин районундагы отун базалары:
Мэрия бул жакта көмүрдүн кайсы түрү бар экенин жана баасын көрсөткөн эмес.